"Манас" эпосу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр кирет — максаты, мазмуну кандай болот?

Sputnik
Маданият министрлиги "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштады. "Манас" эпосунун үчилтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагынбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат.
Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда "Манас" эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын ысымдарын колдонуу боюнча дагы норма камтылган. Жаңы өзгөрүүлөр тууралуу Манас таануучу, филология илиминин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова айтып берди.