"Биздин борбор 30 миңге жакын жаранга коопсуз миграция боюнча маалымат берди. Дагы 500 миңге жакын адам сайт аркылуу маалыматтарга ээ болду. Кыргызстандын аймагында 180ге жакын жеке менчик мамлекеттик агенттик иштөөдө. Алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп, тийиштүү уруксат кагаздарын берип турабыз. Ошону менен бирге эле биздин борбор чет элдик иш берүүчүлөр менен да түзмө-түз келишимдерди түзөт. Мисалы, Корея менен меморандумга кол коюлуп, мыйзамдуу негизде иштөө мүмкүнчүлүгү жаралды. Эки жылдын ичинде Кореяда иштеп жаткан жараныбыз үлгүлүү жүрүм-турумун көрсөтсө, анда иш берүүчүнүн чакыруусу менен барып иштөөгө мүмкүнчүлүк алат. Биздин борбордун дагы бир багыты Англия. Бул жаатта айыл чарба багытында кыска мөөнөткө, алты айга чейин иштеп келүүгө көмөк көрсөтөбүз. Буга каражат жана тил билүү талап кылынбайт. Ден соолугу чың болсо эле мүмкүнчүлүк бар. Жеке агенттиктерди да текшерип барган жакшы. Айрым учурда жарандар эч кандай келишим түзбөй же агенттиктерге кайрылбай туруп өзү барып алса, биздин борборго же консулдукка кайрыла албайт. Кайрылган күндө да кыйынчылыктар жаралат. Чет өлкөлүк шылуундар мыйзамдуу иштеген кайсы бир агенттиктин атын жамынып элдин акчасын алдап кетүүдө. Ошондуктан чет өлкөлүк агенттиктерден сак болууга чакырат элек," — деди Байсопуев.