Уганда БРИКСке өнөктөш болуу чакыруусун алды

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Уганда Россиянын БРИКСке өнөктөш-өлкө болууга чакыруусун алып, карап жатканын тышкы иштер министри Абубакер Жедже Одонго айтканын РИА Новости жазды.
Өткөн ишембиде РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров угандалык кесиптеши менен "Россия-Африка" өнөктөштүк форумундагы жолугушуусунда Россия Уганданы БРИКСке өнөктөш өлкө болушун колдогонун айткан.
"Мен бул сунушту үч күн мурун алдым. Учурда карап жатабыз", — деген Одонго.
Сирия менен ЕАЭБ кызматташууга ниеттенүүдө. Меморандумдун долбоору талкууланды