Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн кимди жиберери айтылды

Трамп буга чейин Украинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кыларын убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп вице-президенттик кызматка дайындала турган Жей-Ди Вэнске Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жоопкерчилигин жүктөйт. Мындай оюн Украина Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы полковниги Олег Стариков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бул иш вице-президент Вэнске жүктөлөт. Трамп өзү болсо Жакынкы Чыгыш менен алек болот", — деп болжолдогон ал.
Стариковдун айтымында, аскердик аракеттер дароо токтоп калбайт, бирок Трамптын администрациясы эскалациянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн саясий кадамдар жасаларын билдирген.
"Бул иш 20-январда өтө турган инаугурациядан кийин болсо керек", — деген полковник.
Трамп буга чейин Украинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кыларын убадалаган. Ал тургай чыр-чатакты бир күндө эле жөнгө саларын бир нече жолу айткан.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Бардык алдыңкы басылмалар Трамптын жеңгенин жарыялашты.
АКШнын башкаруучулар тарыхына сереп салсак, Трамп XIX кылымдан бери төрт жылдык тыныгуудан кийин Ак үйгө кайтып келген алгачкы саясатчы болду. Ал эми анын атаандашы, вице-президент Камала Харрис жеңилгенин моюндап, учурдагы президент Жозеф Байден Трампты жеңиши менен куттуктады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Маск Трамптын планы Украинадагы согушту аягына чыгарат деп эсептейт