БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн аймактарындагы жаштар убактысын туура пайдаланып, жаңы билимдерди өздөштүрүүсү үчүн керектүү жабдыктар, техникалар менен камсыздалган борборлор курулмакчы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктоосунда билдирди.
Анда белгиленгендей, учурда өлкө калкынын 35 пайызга жакынын жаштар түзөт. Жапаров социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон жаштар мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келерин айткан.
"Илим-билимде, искусство-маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви. Ошондуктан Кыргызстандын жаштары биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз", – деген президент.
Ал ошондой эле мамлекет тарабынан жаштарды колдоо, потенциалын өнүктүрүү багытында көрүлүп жаткан иш-аракеттерди санап өткөн.
"Жаштар жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруунун алкагында "Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобонун", "Жаштар кыймылы жөнүндө жобонун" жана башка мыйзам алдындагы актылардын негизинде бир катар иш-аракеттер көрүлүүдө. Маселен, жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган "Катыш. Танда. Шайла" долбоору ишке ашырылууда”, – деген Жапаров.
Өлкө башчы мамлекет жаштардын ой-кыялына, дем-күчүнө, креативдүү демилгелерине муктаж экенин белгилеп, жаштарды мындан ары дагы жигердүү болууга, жоопкерчилик алуудан коркпоого жана жаңы бийиктиктерди багындырууга чакырган.