Бивол Кыргызстандын бокс курамасынын башкы машыктыруучусуна сыйлык тапшырды

Боксчу Дмитрий Бивол. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Дмитрий Бивол бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулун ата мекендик спортчулардын Париждеги Олимпиада оюндарындагы ийгилиги менен куттуктап, акчалай сыйлык тапшырды.
Бивол машыктыруучунун бокстун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, мындай жетишкендиктер жаш спортчуларды жеңишке шыктандырарын белгиледи.
Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) жетекчиси Умар Кремлев. Архив
IBA жетекчиси кыргызстандык бокс машыктыруучусуна батир белек кылды