БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жумгалда 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 45 жаштагы кишини жана анын уулун табуу үчүн бүгүн беш куткаруучу, ИИМдин жети кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам чыкты. Алар дрон, рация, дүрбү жана куткаруу унаасы менен иштеп жатышат. Мекеме издөө иштери Өрнөк айылынын этегинен баштап аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөрүн белгиледи.
Эске салсак, ата-бала жайлоого мал кайтаруу үчүн кетишкен. 19-октябрда жакындары ӨКМге кайрылышып ошондон бери издөө жүрүүдө. 28-октябрда президент Садыр Жапаров аларды издөөнү күчөтүүнү тапшырган.
Мындан тышкары, 8 күн мурун Нарын дарыясына секирип кеткени айтылган 17 жаштагы кызды издөө да уланууда. Бүгүн аны табууга 23 куткаруучу чыкты.