ЕАЭБ өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан кумшекер өндүрүүнү көбөйттү

Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда кумшекер көп өндүрүлүп жатканын Евразия кумшекер ассоциациясы маалымдады.
Ага ылайык, биримдикке кирген өлкөлөрдөгү 74 кумшекер заводунун ичинен 66сы кант кызылчасын кайра иштетүү менен алектенет. Алардын 57си Россияда, төртөө Беларуста, үчөө Казакстанда, дагы экөө Кыргызстанда жайгашкан.
"Сезон башталгандан бери ЕАЭБ өлкөлөрүндө 4,061 миллион тонна кумшекер өндүрүлдү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде бул көрсөткүч 4,006 миллион тоннаны түзгөн", — деп айтылат ассоциациянын маалыматында.
Мамлекеттерге бөлүп карай турган болсок:
Россия — 3,706 миллион тонна (2023-жылдагыдан 36 миң тоннага көп);
Беларусь — 296,2 миң тонна (12,4 миң тоннага көп);
Казакстан — 20,8 миң тонна (5,3 миң тоннага көп);
Кыргызстан — 38,3 миң тонна (1,4 миң тоннага көп өндүргөн).
Кыргызстан экспорттогон капустанын баарын ЕАЭБ өлкөлөрү алды