Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Аравия Королдугуна жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Королдугуна кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти. мамлекет башчыны коштоп кеткен делегациянын курамында, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы Элчиси жана Ислам Кызматташтык Уюмундагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Улукбек Марипов бар.
Чет өлкөгө жарандарды ишке орноштуруу боюнча Кыргызстанда катталган жеке агенттиктер дайыма текшерилип турат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун башкармалыгынын жетекчиси Арслан Байсопуев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, кеңсеси же документи жок, чет өлкөлүк ортомчу шылуундар пайда болду. "Кыргызстандын аймагында 180ге жакын жеке менчик мамлекеттик агенттик иштөөдө. Алардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп, тийиштүү уруксат кагаздарын берип турабыз. Чет өлкөлүк шылуундар мыйзамдуу иштеген кайсы бир агенттиктин атын жамынып элдин акчасын алдап кетүүдө. Ошондуктан чет өлкөлүк агенттиктерден сак болууга чакырабыз," — деди Байсопуев. Ал чет өлкөгө ишке орноштуруу шылтоосу менен шылуундар жасалма интеллектинин жардамын пайдаланып жатканын кошумчалады.
Самбо боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык спортчулар дагы эки коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнө биринчилигинин экинчи күнүнүн жыйынтыгы менен кыргызстандык самбочулар эки коло медаль алды. Анда 71 килограмм салмак ченинде Курманбек Замирбек уулу жана 79 килограмм салмак ченинде Сүймөнкул Молдобеков коло медалга ээ болду. Мелдештин биринчи күнүндө кыргызстандык самбочулар 3 коло медаль алган.
АКШнын вице-президенти Камала Харрис президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин АКШнын Жогорку сотунун мүчөлүгүнө көрсөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Харристин укук жаатында докторлук даражасы бар. Ал прокуратурада, мэрияда, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Калифорниянын башкы прокурору болуп иштеген. "Адвокат Бакари Селлерс 70 жаштагы либералдык судья Соня Сотомайор Жогорку соттон кетиши мүмкүндүгүн айтты. Бул президент Жозеф Байденге Харристин талапкерлигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет", — деп жазылат макалада. Селлерс мындай чечим АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп кызматка киришкенге чейин шашылыш түрдө кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 20 тыйынга евро 92 сом 86 тыйынга рубль 90 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 11-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбүдө өлкөнүн айрым аймактарында кар жаап, туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарын дубанында +4...+9 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +10...+12 градуска көтөрүлөт.