Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Илим жана инновацияга инвестиция салуу аркылуу гана өнүгүүнүн жаңы этаптарына кадам таштай алабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун бүгүн, 10-ноябрь окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы, Илим күнүнө карата куттуктоо сөзүндө айтылат. Президент илимдин өнүгүү деңгээли коомдун өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири экенин белгилеген. “Баарыңыздарды бүгүнкү Илим күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Дүйнөлүк экономикадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүк ар бир өлкөнүн илимий жана илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен аныкталууда. Мына ошондуктан илим чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон илимий ишмердүүлүктү жандандырууга багытталууда", - деп айтылат куттуктоодо. Садыр Жапаров ошондой эле жакында Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп ачыларын белгилеген. Муну менен катар илимпоздорго ийгиликтерди, жаңы ачылыштарды жана ири долбоорлорду ишке ашырууну каалаган.
Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 куткаруучусу, 7 милиция кызматкери, 10 жергиликтүү тургун, тартылган. Ошондой эле маалыматта издөө иштерин жеңилдетүү максатында дрон баштаган бир нече атайын техникалар колдонулуп жатканы айтылат. Эскерте кетсек, Өрнөк айылында 16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болууда.
Бишкекте тайбокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тайбокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги Бишкек шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жатат. Ал Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана тайбокс федерациясы тарабынан уюштурулган. Бүгүн башталган мелдеш эртең 11-ноябрда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн бардык дубандарынан келген спортчулар катышууда.
Россиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз миграция уюштургандарды 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча мыйзамга кол койду. Документ укуктук актылардын расмий басылмасынын сайтында жайгаштырылганын РИА Новости жазды. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Россиянын аймагында уюшулган топ аркылуу оор же өтө оор кылмыштуулук максатында мыйзамсыз миграция уюштурулган убакта ал өтө оор кылмыштарга кирет. Мындай кылмышка баргандар сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, үч миллион рублдан беш миллион рублга чейин айыпка жыгылат же болбосо соттолгон адамдын үч жылдан беш жылга чейинки айлык акысы же башка кирешеси алынып, 10 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылат. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жасалма каттоодон өткөрүү, каттоого коюу боюнча кылмыш жоопкерчилиги катаалданды. Ага ылайык, мындай ишке алдын ала сүйлөшүп алып барган адамдарга, уруксат берүүчү документтерди жасалмалап, даярдаган адамдарды эки жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.