БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Украинадагы жаңжал Жозеф Байдендин акылсыздыгынан чыккан. Бул тууралуу америкалык миллиардер Дэвид Сакс айтканын РИА Новости жазды.
"Украинадагы согуш Байдендин акылсыздыгынан чыккан. Бул — Американын эмес, Европанын көйгөйү. Аларга кийинки жүз миллиардды төлөткүлө. Бизге ансыз да жетиштүү", — деп жазган миллиардер социалдык тармактагы баракчасына.
Россия Батыш Украинага курал-жарак жеткирүү менен кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түздөн-түз аралаштырып "от менен ойноп жатат" деп эсептейт.
Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров АКШ менен НАТО чыр-чатакка батыл катышып жатат деп эсептейт. Алар Киевге курал-жарак эле бербестен, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдүн аймагында адистерди да даярдашууда.
Кремлдегилер Батыштын Украинаны курал менен камсыз кылып жатканы абалды ого бетер курчутуп, сүйлөшүүгө алып келбей, тескерисинче, терс таасир тийгизерин билдиришкен.