ЖМК: Трамп Украинага карата саясатын өзгөртө баштады

Жаңы шайланган президент Трамп кызматка эки айдан кийин гана киришет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Дональд Трамп Украина менен Израилге карата саясатын өзгөртө баштаганын РИА Новости Bloomberg басылмасына таянып жазды.
"Жаңы шайланган президент Дональд Трамп кызматка эки айдан кийин гана киришет. Бирок ал АКШнын саясатын эки негизги түйүнгө — Израиль жана Украинага мелжеп баштады", — деп жазды басылма.
Макалада Кошмо Штаттардагы кескин өзгөрүүлөр Украинада сезилип, андан улам Зеленский жакшы шарттарды түзүү үчүн активдүү болууга аракет кылып жатканы белгиленген.
Ошондой эле басылма Трамптын жеңишинен Израиль утушу мүмкүн экенин жазган
"Трамп Тегеран өзүнүн саясатын өзгөртүп, өзөктүк куралга ээ болууга умтуларын ачык билдирсе, Израилге Ирандын өзөктүк программасына сокку уруу үчүн көбүрөөк эркиндик берерин билдирген", — деп жазылган макалада.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Бардык алдыңкы басылмалар Трамптын жеңгенин жарыялашты.
АКШнын башкаруучулар тарыхына сереп салсак, Трамп XIX кылымдан бери төрт жылдык тыныгуудан кийин Ак үйгө кайтып келген алгачкы саясатчы болду. Ал эми анын атаандашы, вице-президент Камала Харрис жеңилгенин моюндап, учурдагы президент Жозеф Байден Трампты жеңиши менен куттуктады.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Маск Трамптын планы Украинадагы согушту аягына чыгарат деп эсептейт