Садыр Жапаров кийинки жумада Сауд Арабия менен Азербайжанга барат

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 11-13-ноябрь күндөрү иш сапар менен Сауд Арабия менен Азербайжанга аттанат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Мамлекет башчы алгач 11-ноябрда Сауд Арабияга барат. Анда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз Ислам саммитине катышмакчы. Анын жүрүшүндө Палестина жана Түштүк Ливан, жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаал талкууланмакчы.
"Саммитте президент Садыр Жапаровдун сөз сүйлөөсү, ошондой эле Сауд тарап менен бир катар эки жактуу жолугушуулары пландаштырылууда", — деди Азымбакиев.
Ал эми 11-13-ноябрда Жапаров Азербайжанда өтчү БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышат. Президент 12-ноябрда пленардык сессияда сүйлөйт.
Ошондой эле 13-ноябрда Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын, климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу" аталышындагы иш-чара өтөт. Андан кийин БУУнун конференциясынын жүрүшүндө мамлекет башчысынын эки тараптуу жолугушуулары пландалган.
Мындан сырткары, 13-ноябрдан 21-ноябрга чейин "Кыргызстан: Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" аталышында Кыргызстандын түстүү улуттук павильону орнотулат.
Садыр Жапаров Москвага барды. Президентти тосуп алган видео