Радио

Мусуралиев: өлкөдө каржылык сабаттуулук жылдан-жылга жакшырууда

Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнө караштуу финансылык сабаттуулук тобунун жетекчиси Кубаныч Мусуралиев каржылык сабаттуулук боюнча дүйнөдөгү бардык мамлекеттерде көйгөй бар экенин билдирди.
Sputnik
Кыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу орточо деңгээлде. Бул тууралуу Кубаныч Мусуралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жаатта изилдөөлөр атайын ыкмалар менен жүргүзүлөт.
"Элдин каржылык сабаттуулугун өлчөгөн атайын ыкмалар бар. Эң жогорку көрсөткүчү — 21 упай. Каржылык сабаттуулукту ОЭСР деген уюм изилдейт. Кыргызстанда мындай изилдөө алгач 2017-жылы жасалган. Анын жыйынтыгы менен биз 11,1 упай алганбыз. Бул — орточо, ортодон бир аз төмөн деген көрсөткүч. Ушундай эле изилдөө акыркы жолу 2021-жылы жасалып, анда Кыргызстан 11,6 упай алган. Бул КМШ өлкөлөрү менен салыштырсак, орточо деңгээл болот. Муну менен катар бул Кыргызстанда элдин каржылык сабаты жылдан-жылга жакшырып жатканын көрсөтөт. Негизи дүйнөдө 21 упай алган бир дагы мамлекет жок. Мындан улам каржылык сабаттуулук бардык эле жерде көйгөй десек болот", — деди Мусуралиев.