БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү шаарларга салыштырмалуу айылдарда бир нече жыл төмөн болуп келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
2019-2023-жылдары төрөлүүнүн орточо коэффициенти (балдардын орточо саны):
2019 — шаарларда 3,63 бала (айылдарда 3,22);
2020 — шаарларда 3,36 (2,92);
2021 — 3,57 шаарларда (2,58);
2022 — 2,93 шаарларда (2,73);
2023 — 1,91 шаарларда (3,23).
Адатта төрөлүү элет жергесинде көбүрөөк деген түшүнүк бар. Жогорудагы маалыматтарга ылайык, 2019-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстанда абал тескерисинче болуп, 2023-жылы гана өзгөргөн. Бул эмнеге байланыштуу экени такталган эмес.