БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Биткоиндин баасы 1 пайызга өсүп, тарыхта биринчи жолу 77 миң долларга жеткенин РИА Новости билдирди.
Криптовалюта алмашкан, көлөмү боюнча эң чоң Binance биржасында 8-ноябрга карата биткоин суткасына 1 пайызга кымбаттап, 76 847 долларды чапчыган. Ага чейин бул көрсөткүч 77 миң долларга жетип, тарых жаңырткан.
20 биржа боюнча орточо бааны эсептеген CoinMarketCap порталынын маалыматында биткоиндин баасы 1,1 пайызга өсүп, орточо 76 959 долларга чейин жеткен.
Биткоин АКШдагы президенттик шайлоодо Трамптын жеңиши тууралуу маалыматтардан кийин кымбаттай баштады. Өткөн шаршемби күнү криптовалюта 9 пайызга көтөрүлгөн.
Буга чейин Кыргызстан да криптобанк түзүп, криптовалюталар менен операцияларды мыйзамдаштырууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Мыйзам долбоорун Экономика министрлиги коомдук талкууга алып чыккан.