Бишкек: машина айдап бараткан улан 60 жаштагы кишини өлтүрүп алды

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкекте автоунаа айдап бараткан 21 жаштагы улан жолдон өтүп бараткан 60 жаштагы кишини сүзүп кеткенин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык кечээ саат 20:20лар чамасында Медеров көчөсүндө болгон. Анда Honda Stepwgn машинасынын рулунда бараткан 21 жаштагы жаран жөө адамдар өтчү жерден басып бараткан кишини коюп кеткен. 60 жаштагы киши алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.
Автоунаа айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Жумгалда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Видео