Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ адистерине Украинага куралдарды оңдоо үчүн барышына шарт түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Пентагон АКШнын адистеринин (подрядчылардын) Вашингтон берген курал-жарактарды оңдоо үчүн Украинада жүрүшүнө салынган тыюуну жокко чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме берип жазды.
Foreign Policy журналы украиналык компаниялардын АКШнын экспорттук мыйзамдарына ылайык, америкалык M777 үлгүсүндөгү гаубицалардын жабдууларын оңдоого уруксаты жоктугун жазган.
Анткен менен адистер кармаштын алдыңкы чектерине бара алган эмес. Себеби Ак үйдүн уруксатысыз америкалык дипломаттардын (анын ичинде жумушчулар да бар) ары-бери жүрүшүнө чектөөлөр турган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
WSJ: Трамптын командасы Украина чатагын токтотуунун жаңы планын талкуулоодо