БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын дарыгерлери ноокастаган балдарды алгач Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алып барууну өтүнүп, шаардыктарга видеокайрылуу жасашты.
Алардын айтымында, азыркы тапта курч респиратордук вирустук инфекция күч алып, ооруган бөбөктөр көбөйүүдө.
"Педиатрлар күнүнө 450-500дөй баланы кабыл алууда. Коридорлор бейтаптарга жык толгон. Ата-энелер вирусту бири-бирине жугузуп алышы мүмкүн. Күнү-түнү дебей киши көп. Балдар да, биздин кызматкерлер дагы кыйналып калып жатат. Кээде бөбөктөр уктабай түнкү саат 4-5ке чейин кезекте туруп калып жатат. Ошондуктан наристе сыркоолоп калса алгач бейтапканадагы дарыгерге көрсөтүңүздөр. Алар баланын абалын карап туруп же ооруканага жиберет, же үйдөн дарылоону жазып беришет", — деген медиктер.
Бейтаптын көбүнөн оорукананын медиктери 1,5 суткалап иштеп жатканын айтышкан.