Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган.Мамлекет башчы мыйзамга түзөтүүлөр буга чейин дин аалымдары менен бир нече ирет талкууланганын, дагы бир жолу электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты. Президент аталган демилге сынга кабылып, радикалдуу пикирлер да болгонуна көңүл бурду. Ошондой эле ал Кыргызстан светтик мамлекет экенин эске салып, бирок муфтияттын жана Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.Диний ишмерлер өз кезегинде мыйзам долбоорго алардын сунуштары эске алынганын белгилешти. Эске салсак, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Мындан тышкары, диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Сирия өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору талкууланды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылган.Маалым болгондой, ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Сириянын Россиядагы элчиси Башар Жаафари менен жолугушууда ЕАЭБ менен кызматташуу боюнча меморандум түзүү маселелерин сүйлөштү. Тараптар келечектеги меморандумдун мазмунун карап чыгып, ага кол коюу жумуштарын эртелетүүнү макулдашышкан.
Бишкекте тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашкандай, мелдеш 10-11-ноябрь күнү Газпром ден соолукту чындоо комплексинде болот. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Мелдеш Эркектер арасында 12, кыз-келиндер арасында 5 салмак категорияда отот. Финалдык беттештер 11-ноябрда башталат. Чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана тайбокс федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Украинадагы жаңжал Жозеф Байдендин акылсыздыгынан чыккан. Бул тууралуу америкалык миллиардер Дэвид Сакс айтканын РИА Новости жазды.Россия Батыш Украинага курал-жарак жеткирүү менен кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түздөн-түз аралаштырып "от менен ойноп жатат" деп эсептейт. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров АКШ менен НАТО чыр-чатакка батыл катышып жатат деп эсептейт. Алар Киевге курал-жарак эле бербестен, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдүн аймагында адистерди да даярдашууда. Кремлдегилер Батыштын Украинаны курал менен камсыз кылып жатканы абалды ого бетер курчутуп, сүйлөшүүгө алып келбей, тескерисинче, терс таасир тийгизерин билдиришкен.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул