Президент Садыр Жапаров 11-13-ноябрь күндөрү иш сапар менен Сауд Арабия менен Азербайжанга аттанат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.Мамлекет башчы алгач 11-ноябрда Сауд Арабияга барат. Анда Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз Ислам саммитине катышмакчы. Анын жүрүшүндө Палестина жана Түштүк Ливан, жалпысынан Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаал талкууланмакчы.Ал эми 11-13-ноябрда Жапаров Азербайжанда өтчү БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышат. Президент 12-ноябрда пленардык сессияда сүйлөйт. Ошондой эле 13-ноябрда Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулуп жаткан "Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын, климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу" аталышындагы иш-чара өтөт. Андан кийин БУУнун конференциясынын жүрүшүндө мамлекет башчысынын эки тараптуу жолугушуулары пландалган.
Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү шаарларга салыштырмалуу айылдарда бир нече жыл төмөн болуп келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган. 2019-2023-жылдары төрөлүүнүн орточо коэффициенти:2019 — шаарларда 3,63 бала2020 — шаарларда 3,36 бала2021 — 3,572022 — 2,93 2023 — 1,91ди тузгон.Адатта төрөлүү элет жергесинде көбүрөөк деген түшүнүк бар. Жогорудагы маалыматтарга ылайык, 2019-жылдан 2022-жылга чейин Кыргызстанда абал тескерисинче болуп, 2023-жылы гана өзгөргөн. Бул эмнеге байланыштуу экени такталган эмес.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары орнотулат. Бул тууралу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Долбоор боюнча камераларды сатып алуу жана орнотуу үчүн 20 миллион 118 миң сомго тендер жарыяланган. Тапшырыктарды берүү мөөнөтү 20-ноябрга чейин деп көрсөтүлгөн. Буга чейин президент "Коопсуз шаар" тутумун ИИМге өткөрүп берген. Андан кийин ИИМ башчысы Улан Ниязбеков "Коопсуз шаар" системасы өлкөнүн бардык аймагына киргизилерин айтып, жер-жерлердеги ички иштер башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилерине даярдык көрүүнү тапшырган. "Коопсуз шаар" системасы борбор калаа Бишкекте иштеп келет. 16-сентябрдан баштап Ош шаарында дагы ишке берилди.
Америкалык ишкер Илон Маск Украинадагы согуш АКШдагы президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамптын планынын аркасы менен жакында токтойт деп эсептейт. Мындай маалыматты РИА Новости жазды. Буга чейин Wall Street Journal гезити ишенимдүү маалымат булактарына таянып Трамптын айланасындагылар Украинадагы жаңжалды токтотууну, фронт сызыгын бойлото демилитаризацияланган аймакты түзүүнү жана жаңы курал-жарактарды берүүнү сунуштаганын кабарлаган. Бул Киевдин НАТОго убактылуу кирбөө убадасынын ордуна жасалган сунуш экени айтылган. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков макала абстрактылык мүнөздө экенин билдирген. Маск Трамптын Украинадагы планы боюнча макалага пикир калтырып жатып, жакында кан төгүүлөр токтоорун, кызык кулактыктын доору бүткөнүн жазган. Трамп буга чейин Украинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кыларына убада берген. Ал тургай чыр-чатакты бир күндө эле жөнгө саларын бир нече жолу айткан.