Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Өлкөдө жайгаштыруу жайларды классификациялоо системасын жаңылоо пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка караганда, классификациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. "Мейманканаларды классификациялоо системасы 1995-жылдан бери ыктыярдуу негизде жүргүзүлүп келген. Анткен менен бул система кыйла эскирип, эл аралык жана рыноктогу талаптарга жооп бербейт", — деп айтылган негиздемеде. Туризм тармагынын өкүлдөрү менен болгон талкууларда сапат стандарттарын жакшыртуу жана туристтердин канааттануусун жогорулатуу максатында жайгаштыруу объектилери үчүн классификация системасын жаңылоо зарылчылыгы белгиленген. Ага ылайык, мейманкана, конок үй, боз үй жана курортторду классификациялоо сунушталууда. Мисалы, мейманканаларга карата 23 блокко бөлүнгөн 257 параметр эске алынат. Баалоодо имараттын сырткы көрүнүшү, интернеттин болушу жана башкалар эске алынары да кошумчаланды.
Кыргызстандык жана россиялык тарыхчылар көрүнүктүү кол башчы Михаил Фрунзенин өмүрүнө арналган сайт түзүштү. Бул тууралуу Алтай мамлекеттик университетинин сайтында кабарланган. Ал Алтай мамлекеттик университети жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук жогорку окуу жайы тарабынан Фрунзенин туулганынын 140 жылдыгы жана көзү өткөнүнүн 100 жылдыгына карата даярдалды. Дата 2025-жылы белгиленет. Михаил Фрунзенин элесин түбөлүккө сактоо жана анын тарыхын бурмалоону алдын алуу Россиянын тарых коомунун приоритеттүү темаларынын катарында экени айтылды.Михаил Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында төрөлгөн. Кыргызстандын борбору 65 жыл бою Фрунзенин атын алып жүргөн.
2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүу жана илим министрлигинен билдирди. Рейтингде Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы татыктуу орундарды ээледи. Алсак, Кыргыз-Түрк “Манас” университети 230-орун, Ош мамлекеттик университети менен Борбор Азиядагы Америка университети 260-орунда болсо, Кыргыз-Россия-Славян университети 333-орун, ошондой эле Кыргыз улуттук университети менен Кыргыз мамлекеттик техникалык жогорку окуу жайы 381-орунду багындырды. Билим берүу жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул бул жыйынтык – биздин өлкө үчүн рекорд жана акыркы 2-3 жылда өлкө жетекчилигинин колдоосу менен кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын жыйынтыгы экенин белгиледи.
13-15-ноябрь күндөрү "Динамо" спорт комплексинде аскердик кармаш уруш боюнча Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата генерал майор Эргеш Алиевдин Жаркын элесине арналган ачык чемпионат өтөт. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана аскердик кармаш уруш боюнча федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.АБА ЫРАЙЫБугун, күндүз республика боюнча жамгыр жаабайт. Айрым жерлерде туман түшүшү