10-ноябрга карата аба ырайы

Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындан улам тоолуу райондорго көчкү түшүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Жекшембиде тоолуу райондордо кар жаап, туман түшөт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 7…12, Талас, Нарын облустарында 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 7…12, Ысык-Көл жергесинде 5…10 градус болот.
Термометр Бишкекте 9…11, Ош шаарында 10…12 градусту көрсөтөт.
Төө-Ашууга түшкөн кар көчкү тазаланып, жол жеңил унааларга ачылды