БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бир моделди баарына таңуулоого болбойт, эл аралык коомчулук – тирүү организм. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин “Валдай” форумунда айтты.
Ал жаңы адилеттүү дүйнөлүк тартиптин негизи боло турчу алты принципти атады.
1.
Кызматташуудагы ачыктык – көпчүлүк өлкөлөр жана элдер үчүн эң маанилүү баалуулук.2.
Бир моделди баарына таңуулоого болбойт. Эл аралык коомчулук – тирүү организм.3.
Жаңы дүйнө бардык өкүлдөрдүн катышуусунда гана ийгиликтүү өнүгөт. “Улуу державалар” өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын башкаларга таңуулоого көнгөн.4.
Баары үчүн коопсуздук башкы орунда. НАТО – бүгүнкү күндө дүйнөдөгү жалгыз анахронизм блогу.5.
Адилеттүүлүк. Теңсиздик — азыркы дүйнөнүн балээси. “Цивилизациялуу Батыш” жана “артта калган варварлар” жөнүндөгү түшүнүктөр — расисттик стереотип.6.
Туруктуу дүйнөлүк тартип теңчилик идеясына гана негизделиши мүмкүн. Батыш бардыгын тизгиндеп туруу үчүн өз кызыкчылыгын гана көздөйт.“Валдай” эл аралык дискуссиялык форуму – Россия жана башка өлкөлөрдүн саясат таануу, экономика, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы алдыңкы эксперттеринин биримдиги.