БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россия дүйнөгө керек, муну Батыштын “башчыларынын” биринин дагы эч бир чечими өзгөртө албайт. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин билдирди.
Ал "Валдай" дискусскиялык клубунун жыйынында сүйлөп жатат.
РФ лидеринин негизги билдирүүлөрү:
Батыштын ашкере геосаясий ач көздүгү – соңку чыр-чатактардын чыныгы себеби. Монополия – зыяндуу нерсе, бул ошол монополисттердин өздөрү үчүн да зыяндуу. Батыштын саясаты түзүүгө эмес, кармап турууга багытталган. Кармап туруу оюну акыр-аягы жеңилүүгө алып барат;
көп кырдуу дүйнөдө жеңилген өлкө, жеңилген калк болбошу керек. Эч ким өзүн басынып калгандай сезбеши керек;
Россияга карата киргизлген чектөөлөр менен жазалоо чараларынын саны тарыхта болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Москванын каршылаштары аны жыга турган чоң сокку жасайбыз деп болжошкон, бирок андай болгон жок;
АКШнын жана алардын союздаштарынын саясатынан “эч кимдин колуна түшпө” жана “ким биз менен болбосо, ал бизге каршы” принциптери көп байкалууда. Батыштын Россияны стратегиялык жактан жеңүүгө умтулуусу айрым саясатчылардын ашкере авантюризмин көрсөтүп турат.
Батыш өзөктүк куралды колдонбойт деп эч ким кепилдик бербейт.