БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Россия Борбор Азияда туруктуулук өкүм сүрүп, өнүгүү болушуна кызыкдар. Бул тууралуу Владимир Путин "Валдай" эл аралык форумунда айтты.
РФ лидери буга чейин аталган региондо Россия менен Кытайды кагыштырууга аракет жасалып келгенин, андан эч майнап чыкпаганын белгиледи.
"Эгер Кытай алардын экономикасына жардам берсе аймакта ички саясий процесстер турукташып, мамлекеттүүлүк бекемделет. Россия буга кызыкдар, биз региондо туруктуу кырдаал өкүм сүрүп, стабилдүү өнүгүү болушун каалайбыз. Ошондуктан бул жагдайда эч кандай атаандаштык жок, болгону кызматташтык бар", — деди Путин.
Ал Россия менен Борбор Азиянын ортосундагы салттуу байланыштарды өнүктүрүүгө эч нерсе тоскоол болбой турганын кошумчалады.