Орбан: ЕБ Трамп жеңген соң Украинаны каржылоо зарылдыгынан күмөнсүй баштады

Венгрия премьер-министри европалыктар чыр-чатакты каржылоого даяр эместиги ачыкталып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Евробиримдик Дональд Трамптын президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Украинага 50 миллиард доллар насыянын берилишинен жана Киевге аскердик жардамды мындан ары улантуунун зарылдыгынан күмөн санай баштады. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.
Эске салсак, буга чейин Трамп президент болуп калса, Вашингтондон сыртка акча агымы азая турганын айткан.
"Эгер Америка кийин каржы бөлгөндү (Украинага – ред.) токтотсо, анда Европа өзү кантип каржылай алат деген суроо туулат. Биз буга даярбызбы, мындай кадамга баарыбыз даярбызбы ж айрымдары элеби? 50 миллиард долларлык пакеттин азыр күн тартибине чыгышынын себеби ушунда. Бул уланып келе жаткан процесс, анын ишке ашырылышы күмөн ой жаратат. АКШдагы шайлоодон кийин бул ачык маселе бойдон калды" , — деген Орбан Будапештте өткөн Европалык саясий шериктештиктин саммитинен кийинки маалымат жыйында.
Анын айтымында, Трамптын жеңишинен кийин Украинага узак мөөнөткө колдоо көрсөтүү маселеси да курчуду. Анткени 50 миллиард доллар жетишсиз экени айдан ачык.
"Жаңы пакеттер боюнча өтүнүчтөр келип жатат. Аларды ким, кайсы өлкө каржылайт? Кайсы улут буга инвестиция салууга даяр? Бул Европанын иши болгондуктан, биз эмне кылып жатканыбызды, эмне кыларыбызды талкуулашыбыз керек", — деген Орбан.
Венгрия премьер-министри европалыктар чыр-чатакты каржылоого даяр эместиги улам ачыкталып жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
WSJ: Трамптын командасы Украина чатагын токтотуунун жаңы планын талкуулоодо