Радио

Ошто Москванын миграциялык борборунун филиалы ачылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин диаспоралар жана мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркин Каримов эмгек мигранттарынын 70 пайызы Москвага барарын айтты.
Sputnik
Ош шаарында Москванын "Көп функционалдуу миграциялык борборунун" филиалы ачылат. Бул тууралуу Эркин Каримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда мэрия сунуштаган имараттын техникалык мүнөздөмөлөрү каралууда.

"Россияда эмгектенип жүргөн жарандарыбыздын 70 пайызы Москва шаарына жана облусуна барат. Көбүнчө өлкөнүн түштүк аймактарынан кетишкендиктен Россия тарап менен сүйлөшүп, борбордун алгачкы филиалын Ош шаарында ачууну туура көрдүк. Бул үчүн шаардык мэриядан атайын имарат сунушталып, учурда анын техникалык мүнөздөмөлөрү (электр энергиясы, канализация, жылуулук берүү) каралууда. Имаратты алар өз эсебинен ремонттон өткөрүп, керектүү жабдуулар менен камсыздап ишин баштайт. Ал жерден медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өтүү жана башка ушул сыяктуу процедуралардан өтө алышат. Тагыраагы, жарандарда Москвага баргандан кийин дароо ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болот. Бирок борбордо Москва жана Москва облусундагы жумуштарга иштей турган жарандарга гана кызматтар көрсөтүлөт. Ал эми Россиянын башка шаарлары федералдык деңгээлде каралат", — деди Каримов.

Ал ошондой эле мындай борборлор Өзбекстан менен Тажикстанда да ачылып, иш алып барып жатканын кошумчалады.