Садыр Жапаров: динге жамынып тескери кеткендерди муфтият тарбиялашы керек

Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер мамлекеттин ишине аралашпай турганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жыйында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү

2 / 4

Жыйында "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган

3 / 4

Диний ишмерлер өз кезегинде мыйзам долбоорунда алардын сунуштары эске алынганын белгилешти

4 / 4

Президент аталган демилге сынга кабылып, радикалдуу пикирлер да болгонуна көңүл бурду

Мамлекет башчы мыйзамга түзөтүүлөр буга чейин дин аалымдары менен бир нече ирет талкууланганын, дагы бир жолу электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Президент аталган демилге сынга кабылып, радикалдуу пикирлер да болгонуна көңүл бурду. Ошондой эле ал Кыргызстан светтик мамлекет экенин эске салып, бирок муфтияттын жана Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берерин кошумчалады.
Мамлекет башчысы ошондой эле радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынарын баса белгиледи. Өлкө башчынын айтымында, динге жамынып алып тескери кеткендерди муфтият тарбиялап, оң жолго салышы керек. Ал эми "дааватты жоюп атат" дегендерге ал жоюлбастыгын, тескерисинче, канчалаган жарандар даават аркылуу оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп экенин айткан.
Диний ишмерлер өз кезегинде мыйзам долбоорунда алардын сунуштары эске алынганын белгилешти.
Эске салсак, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган. Мындан тышкары, диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.
Дүйнөдөгү таасир талаш жана Борбор Азиядагы "Троя аты". Диний мыйзам канчалык зарыл