БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык жана россиялык тарыхчылар көрүнүктүү кол башчы Михаил Фрунзенин өмүрүнө арналган сайт түзүштү. Бул тууралуу Алтай мамлекеттик университетинин сайтында кабарланган.
Ал Алтай мамлекеттик университети (АлтМУ) жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ) тарабынан Фрунзенин туулганынын 140 жылдыгы жана көзү өткөнүнүн 100 жылдыгына карата даярдалды. Дата 2025-жылы белгиленет.
Михаил Фрунзенин элесин түбөлүккө сактоо жана анын тарыхын бурмалоону алдын алуу Россиянын тарых коомунун приоритеттүү темаларынын катарында экени айтылды.
"Жалпы тарыхый мурасыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Убакыттын өтүшү менен башкача баа берилиши ыктымал, бирок толугу менен жокко чыгарууга болбойт. Элдин тарыхый аң-сезимин өзгөртүүгө багытталган саясатка каршы туруу максатында ушул онлайн-агартуучу долбоор пайда болду. Бул ресурста биографиялык, документалдык, фотоматериалдар, китептер жана тасмалар сыяктуу маалымат булактарына таянуу менен чогултулду. Бир нерсени ойлоп табуунун зарылдыгы жок — булактардын өзү эле чындыкты айтып турат", — деди Алтай мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер тарыхы институтунун директору Иван Назаров.
Михаил Фрунзе 1885-жылы 2-февралда Пишпек шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. Кыргызстандын борбору 65 жыл бою Фрунзенин атын алып жүргөн.