Мас болуп рулга отургандарды эки жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталды

ЖКККББ мас айдоочуларга карата жазаны катаалдатуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп коомдук талкууга чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Мас абалында рулга отургандарды эки жылга айдоочулук укуктан ажыратуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
ЖКККББ тарабынан даярдалган документте жорук кайталанса төрт жылга күбөлүктөн ажыратуу жана автоунаасын убактылуу алып коюу каралган.
Ошондой эле айдоого укугу жок туруп, мас болуп унаа башкаргандар 10 күнгө камалат. Ушул эле жорук үчүн жашы 60тан ашкан эркектер, 55тен ашкан аялдар, I, II топтогу майыптар жана боюнда бар аялдар камакка алынбайт, бирок 20 миң сом айыпка жыгылат.
Учурда мас абалында рулга отургандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Бирок буга чейин азыркы жаза натыйжа бербей жатканы белгиленип, 100 миң сом айып салуу сунушталган.
Жогорку Кеңеш велосипед жана скутерлерге тротуарда жүрүүгө тыюу салууну сунуштады