БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жайгаштыруучу жайларды классификациялоо системасын жаңылоо пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Маалыматка ылайык, классификациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
"Мейманканаларды классификациялоо системасы 1995-жылдан бери ыктыярдуу негизде жүргүзүлүп келген. Анткен менен бул система кыйла эскирип, эл аралык жана рыноктогу талаптарга жооп бербейт", — деп айтылган негиздемеде.
Туризм тармагынын өкүлдөрү менен болгон талкууларда сапат стандарттарын жакшыртуу жана туристтердин канааттануусун жогорулатуу максатында жайгаштыруу объектилери үчүн классификация системасын жаңылоо зарылчылыгы белгиленген.
Төмөнкүлөрдү классификациялоо сунушталууда: мейманкана, конок үй, боз үй (боз үй лагерлери), курорт. Мисалы, мейманканаларга карата 23 блокко бөлүнгөн 257 параметр бааланат. Ошондой эле баалоодо имараттын сырткы көрүнүшү, интернеттин болушу жана башкалар да эске алынат.