Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү жана кар күрткүсүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 9-ноябрынан 10-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында тагыраагы Төө-Ашуу ашуусунда жана Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү ошондой эле кар күрткүсү күтүлөт. Министрлик жолдор тайгак болуп, муз тоңорун, мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Евразия экономикалык комиссиясы менен Сирия өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору талкууланды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылган.Маалым болгондой, ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Владимир Серпиков Сириянын Россиядагы элчиси Башар Жаафари менен жолугушууда ЕАЭБ менен кызматташуу боюнча меморандум түзүү маселелерин сүйлөштү. "Учурда Сирия үчүн экономикалык кызматташууда Чыгыш негизги багыт болуп саналат. Мындан улам биз үчүн ЕАЭБ, ШКУ жана БРИКС сыяктуу бирикмелер менен кызматташууну өнүктүрүү чоң мааниге ээ", — деген Башар Жаафари. Тараптар келечектеги меморандумдун мазмунун карап чыгып, ага кол коюу жумуштарын эртелетүүнү макулдашышкан.
Кыргызстандык жана россиялык тарыхчылар көрүнүктүү кол башчы Михаил Фрунзенин өмүрүнө арналган сайт түзүштү. Бул тууралуу Алтай мамлекеттик университетинин сайтында кабарланган. Ал Алтай мамлекеттик университети жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети тарабынан Фрунзенин туулганынын 140 жылдыгы жана көзү өткөнүнүн 100 жылдыгына карата даярдалды. Дата 2025-жылы белгиленет. Михаил Фрунзенин элесин түбөлүккө сактоо жана анын тарыхын бурмалоону алдын алуу Россиянын тарых коомунун приоритеттүү темаларынын катарында экени айтылды.
Евробиримдик Дональд Трамптын президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Украинага 50 миллиард доллар насыянын берилишинен жана Киевге аскердик жардамды мындан ары улантуунун зарылдыгынан күмөн санай баштады. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Трамптын жеңишинен кийин Украинага узак мөөнөткө колдоо көрсөтүү маселеси да курчуду. Анткени 50 миллиард доллар жетишсиз экени айдан ачык. "Жаңы пакеттер боюнча өтүнүчтөр келип жатат. Аларды ким, кайсы өлкө каржылайт? Кайсы улут буга инвестиция салууга даяр? Бул Европанын иши болгондуктан, биз эмне кылып жатканыбызды, эмне кыларыбызды талкуулашыбыз керек", — деген Орбан. Венгрия премьер-министри европалыктар чыр-чатакты каржылоого даяр эместиги улам ачыкталып жатканын белгилеген.