29-30-31-октябрь күндөр аралыгында Бишкекте эл аралык транспорт жана логистика боюнча адистештирилген көргөзмөсү өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Түркиянын 45тен ашуун ири эл аралык компанияларынын өкүлдөрү катышып, алар логистика, кампа жабдуулары жана транспорт жаатындагы жаңы иштеп чыгууларды, жабдууларды жана кызматтарды көрсөтүштү.
Ошондой эле тажрыйба алмашуулар болду. Үч күндүк иш-чара максатына жеткенин, жогорку деңгээлде өткөнүн Экономика жана коммерция министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын жетекчиси Азамат Мураталиев айтты.