Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү тышкы карызы өлкө үчүн эч кандай коркунуч жаратпай турганын жана анын суммасы бир топ эле аз деп саналарын билдирди. Жапаров тышкы карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 50 пайызынан ашпай турганын белгиледи. "Биз ири долбоорлор үчүн каражат алууга мезгил келди деп эсептейбиз. Тышкы карыз көбөйүп кетет деп чочулабаш керек. Мисалы, АКШнын тышкы карызы 33 триллион доллардан ашат. Мындай сандар менен салыштырып караганда биздин экономикабыз абдан туруктуу, карызды мамлекетке оорчулук жаратпай эле төлөөгө кудуретибиз жетет. Жыл сайын 400 миллион доллардан ашык тышкы карызды төлөгөнүбүздү көпчүлүк билбей деле калып жатат. Ошол эле учурда республикада нечендеген долбоорлор ишке ашууда", — деди Жапаров. Минкаб төрагасынын айтымында, Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде Түркияны Кыргызстандын карызын кечиши боюнча келишим түзүлгөн.
2026-жылы жаңы Өкмөт үйү курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, учурдагы мамлекеттик органдардын эски имараттары сатыкка коюлат.Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген. Документке ылайык, мамлекеттик маанидеги объектилерди жана турак жай куруу үчүн минкаб менен инвестор түз келишим түзө алат. Бул үчүн инвестор долбоорго 20 миллион доллардан кем эмес акча салышы керек. Ал эми мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги тарыхый-маданий мурас категориясындагы имараттар инвестордун башка имаратына алмаштырылышы мүмкүн.
Батыштын Россия жана башка бир катар өлкөлөрдүн көз карандысыз саясатына жасаган агрессиясынан улам дүйнөлүк процесстер регионалдашты, бул оң маанайдагы көрүнүш. Мындай пикири менен РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Сочидеги "Валдай" эл аралык талкуу клубунун 21-жыйынында сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды. Министр бул оң таасир бере турган жагдай экенин, Россия, Кытай жана БРИКС мамлекеттери айтып-деп жаткан көп полюстуулукту камсыздай турчу көрүнүш экенин белгиледи.Муну менен бирге дипломат Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк, Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу институттардын иши улана берерин белгиледи.
АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп учурдагы мамлекет башчысы Жо Байден менен жолугушууну күтүп жатат. Бул тууралуу Республикалык партиянын штабына шилтеме кылып РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жолугушууда бийликти өткөрүп берүү маселеси талкууланат.Ошондой эле ал Ак үйдөгү жолугушуу жакынкы аралыкта болорун кошумчалаган