Ата-бабалардын таберигин урпактарга татыктуу өткөрүү. Садыр Жапаров элге кайрылды

Өлкө башчы жаштар ата-бабалар басып өткөн жолду үйрөнүп билген сайын өзүнө болгон ишеними арта турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, аны маалымат кызматы жарыялады.
Өлкө башчысы бул тамырыбыз, тарыхыбыз кайдан келерин, кыргыз кандай эл болгонун, ата-бабаларыбыз ондогон кылымдар бою кандай жолдорду басып өткөнүн эске салган күн экендигин белгилеген.
"Бүгүнкү эгемен мамлекетибиз — байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, коргоп келген ата-бабалардын даанышмандыгынын, көсөмдүгүнүн жана баатырдыгынын натыйжасы. Соңку 100 жыл мурунку эле тарыхыбызга кайрылсак, ата-бабаларыбыздын эгемен, эркин, өз алдынча мамлекет куруу көксөөсүнүн тең жарымы кыргынга учураганын, улуттук боштондук күрөшүндө дагы майтарылбаганын көрөбүз. Алар 1916-жылкы Үркүн окуясында, андан кийинки Октябрь революциясында, андан соң Кара-Кыргыз облусунун түзүлүп, жүрүп отуруп Кыргыз ССРинин уюшулушунда, ошол жылдардагы сталиндик репрессияда элинин азаттыгы, өлкөсүнүн эгемендиги үчүн күрөшүп, өмүрүн арнап, кара башын садага чаап олтуруп, азыркы эгемен Кыргызстанды бизге таберик кылып калтырышкан. Мындан улам аталардын жолун улай, алардан калган таберикти келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү биздин эң башкы парзыбыз болушу шарт", — деген президент.
Жапаров буга байланыштуу быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип, анын алкагында өлкө боюнча социалдык-экономикалык багыттагы жүздөгөн жаңы ишканалар ачылып жатканын эске салды.
Мындан сырткары, "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын кошумчалады.
"Ата-бабаларын тааныган сайын жаштардын өзүнө болгон ишеними артат. Келечекке карай бекем кадамдарды таштап, Кыргызстандын түбөлүк эркин, көз карандысыз жана бардык жактан өнүккөн өлкө болушуна билимин да, тажрыйбасын да, өмүрүн да арнашат", — деген ал кайрылуусунда.
Ошондой эле президент көп этностуу биримдик Кыргызстан үчүн жаркын келечектин өзөгү болсун деген тилегин билдирген.
Эгемендигибизге доо кетпесин! Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттук айтты