Путин: жаңы эл аралык шартта эч кандай гегемония жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес

РФ лидери "Валдай" форумунда сүйлөп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жаңы эл аралык шартта эч кандай гегемония жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россия президенти Владмир Путин "Валдай" форумунда сүйлөп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мисалга алсак, Вашингтон жана башка Батыш өлкөлөрүнүн борборлору бул талашсыз, өзгөрүлгүс чындыкты ойлонуп, моюнга алышканда келечектин чакырыктарына ылайык келген дүйнөлүк система калыптана баштайт. Кудай жалгап ошол күн батыраак келсин", – деген Путин.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык форуму – Россия жана башка өлкөлөрдүн саясат таануу, экономика, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы алдыңкы эксперттеринин биримдиги.
Клуб 2004-жылдын сентябрь айында РИА Новости агенттигинин, Тышкы жана коргонуу саясаты кеңешинин, "Россия в глобальной политике" жана Russia Profile журналдарынын демилгеси менен түзүлгөн. Клубдун аталышы Валдай көлүнүн жанында Новгороддо өткөн биринчи конференцияда коюлган.
Учурда "Валдай" Россия жана эл аралык интеллектуалдык жана саясий элитанын өз ара кызматташуусунун ири дүйнөлүк аянтчасы болуп саналат.
Казандагы БРИКС саммити
Тынчтык, коопсуздук. Путин Казандагы саммитте бир нече билдирүү жасады