Сергей Лавров Казакстанга келди

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршембиде Астанага келди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Жолугушууда эки тараптуу күн тартиби, эл аралык маселелер, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы кызматташуу боюнча дагы кеп козголору күтүлүүдө.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө негизги басым РФ президенти Владимир Путиндин Казакстанга пландалган мамлекеттик сапарына даярдык көрүүгө жасалат. Июлда Путин казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаевдин ноябрда Казакстанга чакыруусун кабыл алган. Визит Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйыны менен айкалыштырылары мерчемделүүдө.
Лавров: Батыштын Россияны обочолонтуу аракети өтөсүнө чыккан жок