КР ТИМи жарандарга Россиянын аймагына кирүү эрежелерин эскертти

Министрлик "Крокус сити холлдогу" жардыруудан кийин текшерүүлөр күчөтүлгөнүн эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияга барууну пландап жаткан жарандарга кайрылды. Мекеме чек арадан өтүүдөгү эрежелерди жарыялап, ал Россиянын тиешелүү органдарынын түшүндүрмөсүнүн негизинде жазылганын белгиледи.
Ага ылайык, Россияга бара турган жарандар чек арадан өтүүгө мүмкүндүк берчү документин алдын ала даярдап алышы керек. Ошондой эле чек арадагы текшерүүлөргө даяр болуп, бир нече убакытты аларын эске алуу кажет. ТИМ текшерүү жүрүп жатканда чек арачылардын жана башка компетенттүү органдардын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн аткарууга, тартипти бузбоого чакырат.
Текшерүүлөрдөн кийин Россиянын аймагына өткөрүүдөн баш тартуу чечими да чыгып калышы ыктымал. Мындай учурда анын себептери жазылган документтер берилет. Эл аралык келишимдерге ылайык, чек арадан өтүүгө уруксат берилбеген жарандар авиакомпанияларга өткөрүлүп, жакын арадагы рейс менен эки-үч күн аралыгында артка кайтарылат. Бул убакыт ичинде суу, тамак-аш менен камсыздалат.
Дагы башка түшүнүксүз жагдайлар жаралса Кыргызстандын Россиядагы консулдугуна кайрылуу керек. Зарыл учурда котормочу берүүнү өтүнүүгө болот.
Аэропорттордо нөөмөттө турган консулдардын телефон номерлери:
Шереметьево — (8916) 261-23-84;
Домодедово — (8916) 261-23-59;
Внуково — (8903) 211-81-01.
РФ чек араларындагы көзөмөл "Крокус сити холл" соода борборундагы терактыдан кийин өлкөдөгү коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн. Мындай тартип Россиянын башка өлкөлөр менен чектешкен аймактарында да катуу сакталат.
Өлкөдө Россиянын миграция борборунун филиалын ачуу пландалууда