БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын алты жогорку окуу жайы Азиянын мыкты университеттеринин катарына кирди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азиянын 2025-жылдагы мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланып, тизмеге жалпысынан 984 университет кирген.
Кыргызстан ЖОЖдорунун ээлеген орду:
Кыргыз-түрк "Манас" университети (230-орун);
Ош мамлекеттик университети жана Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
Кыргыз-Россия Славян университети (333-орун);
Кыргыз улуттук университети жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун).
"Бул жыйынтык – биздин өлкө үчүн рекорд жана акыркы эки-үч жылда өлкө жетекчилиги тарабынан кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын натыйжасы", — деген министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.