БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. 2026-жылы жаңы Өкмөт үйү курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ЖМК өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, учурдагы мамлекеттик органдардын эски имараттары сатыкка коюлат.
Буга чейин президенттик администрация министрликтерди, ведомстволорду жайгаштыруу үчүн Бишкекте административдик шаарча куруларын айтып, эски мамлекеттик имараттарды сатууга жол ачкан документ иштеп чыгуу тапшырылган. Ал үчүн "Инвестициялар жөнүндө" жана "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр демилгеленген.
Документке ылайык, мамлекеттик маанидеги объектилерди жана турак жай куруу үчүн минкаб менен инвестор түз келишим түзө алат. Бул үчүн инвестор долбоорго 20 миллион доллардан кем эмес акча салышы керек. Ал эми мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги тарыхый-маданий мурас категориясындагы имараттар инвестордун башка имаратына алмаштырылышы мүмкүн.