КМШ аскердик кызматташуунун 2030-жылга чейинки концепциясын иштеп чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. КМШ өлкөлөрү аскердик кызматташуунун 2030-жылга чейинки концепциялык долбоорун иштеп чыгышат. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Сергей Лебедев айтканын РИА Новости жазды.
Ал учурдагы геосаясий абалды эске алганда мындай долбоор маанилүү экенин белгилеген.

"Азыркы кырдаалда аскердик коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты арттыруу туруктуулуктун маанилүү фактору болору айдан ачык. Биз КМШ мамлекеттеринин 2030-жылга чейинки аскердик кызматташуусунун концепциясын иштеп чыгууга киришип жатабыз. Анда кызматташуунун артыкчылыктуу жана жаңы багыттары так көрсөтүлөт", – деген Лебедев Москвада өткөн КМШнын коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 12-жолугушуусунда.

Ал КМШ уюмуна кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн аскердик, тактикалык, техникалык даярдыктары тажрыйбалардын, илимий жетишкендиктердин негизинде жүрүп, өз ара тыгыз алакада өнүгүшү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалаган.
КМШ экономикасынын интеграциясын тереңдетүү боюнча документ иштелип жатат