Жапаров: Кыргызстандын тышкы карызы өлкөгө коркунуч жаратпайт

Өкмөт башчы тышкы карыз көбөйүп кетет деп чочулабаш керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү тышкы карызы өлкө үчүн эч кандай коркунуч жаратпай турганын жана анын суммасы бир топ эле аз деп саналарын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти берген суроого жооп берип жатып айтты.
Жапаров тышкы карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 50 пайызынан ашпай турганын белгиледи.
"Биз ири долбоорлор үчүн каражат алууга мезгил келди деп эсептейбиз. Тышкы карыз көбөйүп кетет деп чочулабаш керек. Мисалы, АКШнын тышкы карызы 33 триллион доллардан ашат. Мындай сандар менен салыштырып караганда биздин экономикабыз абдан туруктуу, карызды мамлекетке оорчулук жаратпай эле төлөөгө кудуретибиз жетет. Жыл сайын 400 миллион доллардан ашык тышкы карызды төлөгөнүбүздү көпчүлүк билбей деле калып жатат. Ошол эле учурда республикада нечендеген долбоорлор ишке ашууда", — деди Жапаров.
Минкаб төрагасынын айтымында, Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде Түркияны Кыргызстандын карызын кечиши боюнча келишим түзүлгөн.
"62 миллион долларды кечүү планы бар эле, бирок Финансы министрлиги 4 миллион долларды график боюнча төлөптүр. Ошондуктан 58 миллион доллар кечилди. Бул өлкөнүн тышкы карызы план боюнча төлөнүп жатканын жана андан мамлекетке оорчулук келбей турганын билдирет", — деп түшүндүрдү Жапаров.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тышкы карызы. Инфографика