АКШ: Харрис шайлоодо жеңип чыккан атаандашы Трампты куттуктады

Харрис Трамп экөө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн талкуулаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкер Камала Харрис шайлоодогу атаандашы Дональд Трампты жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Associated Press басылмасына шилтеме кылып РИА Новости кабарлады.
Харрис телефон аркылуу сүйлөшүүдө бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн талкуулаганы айтылды.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан.
Анда кырчылдашкан кармаш күтүлгөнү менен Дональд Трамп Вашингтон убактысы боюнча түнкү саат экилерде эле шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды. Жыйынтыкты болжолдогон бир катар маалымат булактары ал бардык негизги штаттарда жеңип чыкканын жазышты. Андан соң Трамп Флоридада тарапташтары алдында сүйлөп жатып шайлоодогу жеңишин жарыялады.
РФ ТИМи: Трамптын жеңиши америкалыктардын Байдендин ишине нааразылыгын чагылдырат