Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Байдендин командасы Украинага соңку 6 млрд. долларын жөнөтүүгө шашылууда

Бийликтен кете турган команданын курал-жарак жөнөтүүнү токтотууга даярдык көрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин администрациясы Украинага жардам иретинде деп соңку 6 миллиард долларын шашылыш түрдө жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Politico басылмасынын баяндамачысы Жек Детч айтканын RT маалымдады.
Детчтин айтымында, бийликтен кете турган команда курал-жарак жөнөтүүнү токтотууга даярдык көрүүдө.
The Spectator басылмасы АКШдагы президенттик шайлоодон Дональд Трамптын жеңиши Украинадагы согуштун токтошунун башталышы экенин жазган. ЖМК атайын операциялар учурунда Киев алдырып жиберген аймактарын кайра кайтарып алуу ыктымалдуулугу нөлдөн да төмөн деп белгилеген.
РФ ТИМи: Трамптын жеңиши америкалыктардын Байдендин ишине нааразылыгын чагылдырат