Трамптын жеңишинен кийин Батыш Россияга салынган санкцияларды алууну талкуулоодо

Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Дональд Трамптын жеңишинен кийин Батыштагы финансылык структуралар Россияга салынган санкцияларды алууну талкуулоодо. Бул тууралуу Financial Times гезитине шилтеме жасап РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Батыш банктарындагы трейдерлер рубль менен соода жүргүзүүгө кызыгышууда.
"Бардыгы Россия менен соодалашууну талкуулап жатышат. Күтүүсүздөн эле (трейдерлер — ред.) азыр рубль менен соода жүргүзүүгө болор-болбосуна кызыгышууда", — деп гезит өзүнүн маалымат булагына таянып билдирген.
Ошондой эле гезит Батыш банктары оффшордук операцияларда рублди колдонуп эле жатканын жазган.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиянын атынан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан. Анда кырчылдашкан кармаш күтүлгөнү менен Дональд Трамп Вашингтон убактысы боюнча түнкү саат экилерде эле шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды. Анын атаандашы Камала Харрис Дональд Трампты жеңиши менен куттуктады.
РФ ТИМи: Трамптын жеңиши америкалыктардын Байдендин ишине нааразылыгын чагылдырат