БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп учурдагы мамлекет башчысы Жо Байден менен жолугушууну күтүп жатат. Бул тууралуу Республикалык партиянын штабына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, жолугушууда бийликти өткөрүп берүү маселеси талкууланат.
"Жо Байден Дональд Трампка телефон чалып, жеңиши менен куттуктады. Ошондой эле учурдагы жана жаңы администрациянын ортосунда иштерди үзгүлтүккө учуратпай өткөрүүнү камсыздоо үчүн аны Ак үйгө чакырды. Трамп жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат", — деди Республикалык партиянын коммуникациялар боюнча директору Стивен Чанг.
Ошондой эле ал Ак үйдөгү жолугушуу жакынкы аралыкта болорун кошумчалаган.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Анда Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикалык партиядан мурдагы президент Дональд Трамп ат салышкан.
Анда кырчылдашкан кармаш күтүлгөнү менен Дональд Трамп Вашингтон убактысы боюнча түнкү саат экилерде эле шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды. Жыйынтыкты болжолдогон бир катар маалымат булактары ал бардык негизги штаттарда жеңип чыкканын жазышты. Андан соң Трамп Флоридада тарапташтары алдында сүйлөп жатып шайлоодогу жеңишин жарыялады.