8-ноябрга карата аба ырайы

8-ноябрда республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Жума күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Талас, Нарын облустарында -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көлдө +1…+6 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +5…+7 градусту көрсөтөт.
Жаан-чачындан улам сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын картасы