Дүйнөдөгү эң абройлуу кино фестивалдардын бири болгон Бусан эл аралык иш-чарасында “Качкын” тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болуп өттү. Ага долбоордун жаратуучулары барып катышып келди. Фильмдин режиссеру Дастан Жапар Рыскелдинин айтымында, тасмада чагылдырылган адам сатуу маселеси дүйнөдө актуалдуу.