Бир жылда беш гран-при уткан Ысык-Көл облустук театры. Аймактык театр тууралуу маек

Sputnik
К. Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук драмалык театры соңку жылдары театр сүйүүчүлөрүн таң калтырууда. Жыл ичинде беш жолу гран-прини багындырып, репертуарын жаңыртып, ар бир койгон спектаклдери көрүүчүлөрдүн купулуна толуп турган чагы. Театр жаматынын мындай дымактуу аракеттерине режиссердун эмгеги чоң эмеспи. Жаш болсо да тажрыйбасы мол, ар бир койгон чыгармасы элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан Уланмырза Карыпбаев болсо аймактык театрдын мындай ийгиликтерин жамааттын ынтымагы, ишке болгон дилгирлиги менен түшүндүрөт.
Канткен күндө да бир жылда эки ирет болбор калаана гастролдоп келип, аншлаг менен оюн коюп, көүүчүлөрүн суусаткан облустук театрдын ишмердүүлүгү тууралуу бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда режиссер Уланмырза Карыпбаев менен маектештик.